У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айгерим Эшим, ырчы: «Чыгармачылык көп эмгекти жана каражатты талап кылат...»



Заман өнүккөнүнө жараша айымдар да ар тараптан өнүгүп, өз бутуна өздөрү туруп, өз келечектерин өздөрү эле түптөөгө белсенип калышты. Бул көрүнүш бир гана чыгармачылыкта же шоу дүйнөсүндө гана эмес бардык тармакта кездешет. Бир эле учурда ишкерликти, чыгармачылыкты бирдей алып бара жаткан ырчы, ишкер Айгерим Эшим чыгармачылыкка көп каражат сарпталат, ишкерлик менен тапкан тыйынымды чыгармачылыгыма жумшайм дейт. Эмгекчил айым менен дил маек курдук.


  • Айгерим, учурда “Эркелетчи” аттуу ырың жакшы чыгып жатат. Эмне себептен эркелөө тууралуу ырды тандадың? 
  • Рахмат, бул ырым өзүмө да абдан жагат. Шаңдуу, маанай көтөргөн позитивдүү ыр ырдагым келген. Ошол себептен эркелеп ырдадым окшойт. (күлүп) Эл жактырган чыгармалардын катарын толуктаса деп тилек кылам. 
 
  •  Негизи ырдын элге бат сиңип кетүүсүнө ырдын сөзү, обону, клиби, айтор эмнеси негизги орунда турат деп ойлойсуң? 
  • Элдин табитин табуу, элге жагуу оңой мес. Кээде укмуш кынапталган ырлар деле элге сиңбей калышы мүмкүн. Ошентсе да ар бир өнөр ээси сапаттуу эмгек жаратканы  оң деп эсептейм. Эң башкысы сөзү манилүү болсо, ошого жараша обону да мыкты чыкса, жакшы шөкөттөлсө анан албетте аткаруучудан көп нерсе көз каранды. Мына ушулардын бардыгы идеалдуу болгондо эл ырды тез кабыл алса керек деп ойлойм. 
 
  • Ар бир чыгармачыл инсандын жакшы көргөн, тушоосун кесип өнөр адамдарынын катарына кошкон ак жолтой  чыгармасы болот. Сеники кайсы чыгарма?
  • Туура айтасыз, элге аябай таанылып кетпесем да өнөр жолуна аралаштырган чыгармам “Бакыт” деп аталат. Бул ырды укканда көбү сен ушул ырды ырдайсыңбы деп калышат. Башкача айтканда мага караганда ырым атактуураак десем жаңылбайм. (күлүп)
 
  • Ырчылыктан сырткары сулуулук жаратуучусу болуп да эмгектенет экенсиң. Ишкерлик менен алектенгениңе, бул жаатта кызмат кылып жатканыңа канча убакыт болду?
  • Ооба,  сулуулук студиясын иштетебиз. Бул жаатта эмгектенгениме 4 жылдай болуп калды. Студия менин каражат тапчу булагым. Акча-тыйындын бардыгы сулуулук жаратуунун арты менен келет. Андыктан бул өнөрүмдү абдан сүйөм.
 
  • Көп эле чыгармачыл инсандар шоу дүйнөсүнө аралшуу үчүн көп каражат сарпталат дешет. Бул ойго кошуласыңбы?
  • Кошулам. Мисалы менин салондо иштеп тапкан акчамдын көбү ушул жакка жумшалат. Тапкан-ташыганымдын баарын эле чыгармачылыгыма салам. Мен иштеп ата-энеме жардам бербей эле алар мага жардам беришет. (күлүп) 

  • Ата-энем деп калдың, кичи мекениң, үй-бүлөң тууралуу да айта кетсең?
  • Мен кучагы кенен Чүй боорунун кызымын. Ысык-Ата курортунда балалыгым өткөн. Ата-энем ошол жакта турушат. Байкем жана иним бар. 
  • “Кыз бурак” тобунда да ырдап жүрдүң эле...
  • Мен Кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы искусство жана маданият университетинин “эстрадалык вокал” бөлүмүн аяктагам. 3-курсумда “Кыз бурак” тобуна кирип, 2 жылдай ырдап калдым.  5-курсумда топтон чыгып, окуума толук көнүл буруп, жакшы аяктадым. Анткени топто жүргөндө окуума жакшы бара албай калгам. Ошол себептен өз алдынча кетүүгө мажбур болгом.
  • Маектешкен Нуркыз Рыскул кызы


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter