У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Республикалык айтышта баш байгени Идирис Айтбаев жеңип алды


Бишкекте өткөн республикалык айтышта баш байгени Идирис Айитбаев, ал эми биринчи орунду Баян Акматов алды. Бул тууралуу "Айтыш" коомдук фонду кабарлады.

Аталган фонддун 20 жылдыгына жана акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган айтыш кечээ, 28-мартта, Улуттук филармонияда өттү.Айтыштын финалына чыккан Акматбек Султан уулу экинчи орунду, ал эми Тынчтык Эсенбай уулу үчүнчү орунду ээлеген.
Байге фонду миллион сом болгон айтышка жалпысынан 12 акын катышкан. Тандоо турунда 42 акын өнөрүн көрсөткөн эле.

Сыйлыктар төмөнкүчө бөлүштүрүлгөн:
  • Идирис Айитбаев — 200 миң сом;
  • Баян Акматов — 150 миң;
  • Акмат Султан уулу — 100 миң;
  • Тынчтык Эсенбай уулу — 50 миң;
Калган сегиз акынга 30 миң сомдон кызыктыруучу сыйлык берилген.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter