28-мартка карата акыркы бир сутка ичинде 146 адамдан вирус аныкталып, бир киши каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдирди.
Бишкек шаарында- 101, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда - 34, Ошто - 1, Ысык-Көлдө - 7, Жалал-Абадда – 2 учур катталды.
Каза болгон жаран Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланып жаткан.