У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


29-марттан баштап Бишкекте, Ошто жана Чүйдө коронавируска каршы эмдөө башталат


Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталат. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты.

Маалым болгондой, эмдөө Бишкек, Ош шаарларында, Чүй өрөөнүндө башталат. Учурда аймактарга вакциналарды жеткирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Бишкек шаары боюнча эмдөө үчүн 5 пункт ачылат. Чүйдө 2 пункт, ал эми Ош шаарында дагы 2 пункт ачылат.
Эмдөөнүн алгачкы этабында медицина кызматкерлери, мугалимдер, социалдык кызматкерлер, укук коргоочулар, бажы кызматкерлери, өнөкөт оорусу барлар жана ден соолугу кооптуу топко киргендер эмделет. Вакцинация Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө, андан кийин Ош облусунда жүргүзүлөт.
Өткөн аптада өлкөгө Кытай Эл Республикасынан акысыз негизде COVID-19га каршы 150 миң доза "SinoPfarm" вакцинасы келген.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter