У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


АКШда колду тазалоочу каражаттардан рак оорусун козгоочу зат табылды


АКШда базарда сатылган айрым колду тазалоочу каражаттарда рак оорусуна алып келүүчү бензол бар экени аныкталды. Бул тууралуу шаршемби күнү, 24-мартта Bloomberg билдирди.
 
Маалыматка ылайык, бензол кошулган дезинфекциялоочу каражаттар пандемия күчөгөн учурда базарлага сатыкка чыккан. Бирок кайра эле ал каражаттар жок болуп кеткен. Учурда АКШдагы базарларда бензол заты кошулган санитайзерлер сатыла баштаган. Базардагы дезинфекциялоочу каражаттарды текшерүүдөн өткөргөндө айрым санитайзерлерден бензол заты табылган.
 
Текшерүүдөн өткөн 260 бөтөлкөнүн 168инен 17 пайызды камтыган бензол заты табылган. Бул заттын максималдуу концентрациясы 21 бөтөлкөдө катталган. Курамында бензол көп болгон дезинфекциялоочу каражаттардын көпчүлүгү Кытайда же АКШда өндүрүлгөн. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) Рак илдетин изилдөө бөлүмү бензол эң кооптуу деген заттардын катарында турарын билдирген.
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter