Бүгүн, 25-мартка карата өлкөдө дагы 106 адамдан COVID-19 жана пневмония илдети аныкталды. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, бир суткада Талас жана Нарын облустарында илдетти жуктуруп алгандар катталган жок. Бишкек шаары – 61; Ош шаары – 1; Чүй облусу – 40; Ыссык-Көл облусу – 1; Жалал-Абад облусу – 1; Баткен облусу – 2. Өлкөдө коронавирус инфекциясы катталган күндөн бери жалпы 87 миң 758 адам жабыркады. Ал эми соңку сутка ичинде 68 бейтап коронавирус инфекциясынан айыкты делинип, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаары – 30; Ош шаары – 4; Чүй облусу – 25; Нарын облусу – 2; Ысык-Көл облусу – 7. Республика боюнча айыккандардын саны 84 миң 407 болду.