У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сутка ичинде 51 жаран коронавирус жуктуруп алды, 100гө жакын адамдын абалы оор


Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония илдети дагы 51 жарандан аныкталды. Республикалык штабдан соңку суткада Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында илдетти жуктуруп алгандар катталбаганын билдиришти.

Бишкек шаары - 10;
Ош шаары - 6;
Чүй облусу – 22;
Талас облусу - 1;
Нарын облусу - 2;
Баткен облусу - 1.

Өлкөдө илдет катталган күндөн тарта жалпы 86 миң 142 жаран жабыркады.

Ал эми коронавирус инфекциясынан айыккандардын саны бир суткада дагы 55ке жогорулады.
Бишкек шаары – 14;
Чүй облусу – 20;
Ош облусу – 4;
Талас облусу – 2;
Нарын облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 10;
Баткен облусу – 2.
Муну менен илдеттен айыккандардын саны жалпы 83 миң 61 болду.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter