Жарым жылаңач сүмөлөк даярдашкан. Өзбекстанда 3 кыз 15 суткага камалды
- 24.03.2021, 09:08,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Өзбекстанда 21-март Нооруз майрамында жарым жылаңач сүмөлөк даярдаган кыздар 15 суткага камалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Ургенч шаардык соту 3 кызды административдик жоопкерчилик кодексинин 183-беренеси ("майда бейбаштык") боюнча күнөөлүү деп таап 15 суткага камакка алуу чечимин чыгарып, дагы 3 кызга 1 миллион 225 миң сум (болжол менен 10 миң сомго жакын) өлчөмүндө айып пул салган.