У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Энеден жаңы төрөлгөн ымыркайга коронавирус жуккан биринчи учур аныкталды

 
Японияда өлкөдө коронавирустун энеден жаңы төрөлгөн балага жугушу мүмкүн болгон биринчи учур катталды. Бул тууралуу NHK телеканалы 22-мартта билдирди. 
 
Вирус жаӊы төрөлгөн ымыркайдан полимераздык чынжыр реакциясы (ПЦР) менен табылган, бирок анын ден-соолугунда эч кандай көйгөй жок экенин Жапон педиатрлар ассоциациясы белгиледи.
 
Изилдөөнүн жыйынтыгында өлкөдөгү 1124 медициналык мекемеден маалыматтар алынган, алардын ичинен 52 бала өткөн жылдын август айынын аягына чейин 31 ооруканада коронавируска чалдыккан энелерден төрөлгөн. Алардын бирөөсүндө гана ПЦР тестинин оң натыйжасы болгон. 
 
Адистердин айтымында, вирустун энеден балага өтүү пайызы башка өлкөлөрдө дагы бар, бирок ал аз гана пайызда болгондуктан, кооптонууга негиз жок. Бул бир гана Японияда болушу мүмкүн дегенди билдирет, андыктан кош бойлуу аялдар жетиштүү чара көрүшү керек экенин баса белгиледи Япониянын дарыгерлери. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter