У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Батирлердин биринде 3 күн мурда каза болгон эненин жанынан бир жаштагы наристе табылды


 
Москвадагы батирлердин биринде 3 күн мурда каза болгон эненин жанынан бир жаштагы наристе табылды. Бул тууралуу «Московский Комсомолец» билдирди. 
 
 Маалыматка ылайык, наристенин энеси үч күн мурда каза болуп, бир жаштагы кыз үч күн энесинин жанында ачка отурган. Маркумдун сөөгүн келиндин апасы тапкан. Үч күндөн бери кызы менен байланыша албаган апасы маркумдун үйүнө келип кабар алууну чечкен. Апасы келгенде эшиги бек болгон. Бир нерседен күмөн санаган апасы, атайын кызматтын кызматкерлерин чакырып, эшикти бузуп киришкен. Натыйжада бир нече күн мурда каза болуп, жыттанып кеткен кызынын сөөгүн табышкан. 
 
Окуя болгон жерге укук коргоо кызматкерлери, «Тез жардам» унаасы чакырылган. Үч күн өлгөн энесинин жанында ачка жаткан бир жаштагы кыз ооруканага жеткирилген. 
 
Москва шаардык эмгек жана калкты социалдык коргоо департаментинин басма сөз кызматы учурда кыздын өмүрүнө коркунуч жок экендигин билдирди. Кыздын  келечекте кайда жашай турганы жөнүндө чечим ооруканадан чыккандан кийин кабыл алынат.
 
Каза болгон эне баланы жалгыз тарбиялаган. Буга чейин ал спирт ичимдигин көп ичкендиктен, ата-энелик милдетин аткарбагандыгы үчүн каттоого алынган.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter