У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ишкер айымдар жетим балдар үйүнө тигүү цехин ачып беришти


Токмок шаарында ишкер айымдардан турган "Нурлуу кайрымдуу кыздар" кайрымдуулук фонду кароосуз калган жана жетим балдар үйүнө тигүүчү өнөркана ачып беришти. Бул туурасында аталган фонддун мүчөсү Инаят Жээналиева билдирди.

"Бул демилгебиз балык бербей, кайырмак бер дегендей. Балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү үй-жайы же жумушу жок кыйналып калышат экен. Кээ бири жаман жолго түшүп кетет. Ошону эске алып, окуудан сырткары бир кесиптин ээси болуп киреше табышына шарт түзүп берүүнү чечтик. Окууну бүткөнгө чейин тигүүчүлүктү үйрөнүп чыгышса, өзүбүз жумушка алабыз. Бул имарат 1956-жылы курулган, аны капиталдык оңдоодон өткөрүп, тигүү цехине керектүү жабдыктарды алып бердик. Долбоорду каржылоого 1 миллион сом каражат сарпталды", — деди Жээналиева.

Ошондой эле ал "Нурлуу кайрымдуу кыздар" фонду "Дордой" базарында эмгектенген ишкер айымдар тарабынан кайрымдуулук максатта түзүлгөнүн айтып, саясаттан алыс экенин кошумчалады.

Тигүү цехинин ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов катышып, демилгечилерге ыраазычылыгын билдирген.


 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter