У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жашы жете элек эки баланы өлтүрүп, өрттөп жиберген аял кармалды


 
Өзбекстандын Самарканд облусунун ички иштер башкармалыгынын жана прокуратурасынын кызматкерлери эки баланы өлтүрүп, өрттөп жиберген деген шек менен Самарканд облусунун тургунун кармашты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты. 
 
Самарканд облусунун прокуратурасынын маалыматы боюнча, 14-мартта Паярык районунун А.Навои махалласынын тургуну М.Т., милицияга арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2007-жылы жана 2013-жылы туулган жашы жете элек эки баласы жоголгонун билдирген. Анын айтымында, 13-мартта балдар үйдөн чыгып кетишкен боюнча кайтып келишкен эмес.
 
 Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу келип, махаланын короолорунун биринен эки баланын өрттөлүп, көмүлгөн сөөгүн табышкан.  
 
Маалым болгондой, 13-мартта жабырлануучунун таанышы М.Т., үйдө эч ким жоктугунан пайдаланып, баалуу буюмдарды жана акчаны уурдап кетүүнү чечкен. Ошол учурда эки бала мектептен үйүнө кайтып келип, уурулукка күбө болушкан. Жаран О.Т., өз кылмышын жашыруу үчүн балдарды алдоо жолу менен үйүнө алып барган, ал жерде эки баланы күрөк менен уруп өлтүргөн. Андан кийин, аял короодо 50 см тереңдикте чуңкур казып, ал жерде балдардын сөөгүн өрттөп, кылмыш ишин жашыруу үчүн сөөктөрдү көөпм таштаган. 
 
Бул факты боюна кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter