Баткен облустук администрациясы: "Сох анклавына коридор берилбейт!"
- 15.03.2021, 09:23,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Сох анклавына коридор берилбейт. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын маалымат кызматы билдирүү таратты.
"Эки өлкө башчыларынын расмий жолугушуусунун жыйынтыгы менен Кыргыз тарап өлкө аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына коридор берет деген туура эмес маалыматтар тараган. Өзбекстанга коридор берилет деген сөздөр туура эмес. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында буга чейин пандемияга байланыштуу жабылган Баткен облусунун Кадамжай районундагы "Кайтпас" көзөмөл өткөрүү жайын кайра ачуу, жандантуу макулдашылган.Аталган жайдан кошуна мамлекеттин жарандары, мурдагыдай эле тартип менен, документтери текшерилип, катталуу менен өтөт. Өзбекстан жарандары Кыргыз өлкөсүнө "Кайтпас" өткөрүү жайы аркылуу кирип, Сох районуна чейин Кыргыз өлкөсүнүн аймагы аркылуу жүрүп, "Өтүкчү" көзөмөл өткөрүү жайынан кайрадан текшерүү менен Өзбекстандын Сох районуна киришет", - деп жазылат билдирүүдө.
Эске салсак, 13-мартта өлкө башчы Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Галина Байтерек президенттин Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча билдирүү жасап, анда Өзбекстан тарап Үңкүр-Тоо аймагын Кыргыз өлкөсүнө берүүгө, ал эми Кыргыз тарап Сох анклавына транспорттук жана аба каттамдарын ачууга даяр экенин маалымдаган.