Телефон шылуундары россиянын жаранына 65 жолу чалышып, 230 миӊ рублдан ашык акчасын уурдап алышкан
- 13.03.2021, 12:20,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Карым районунун тургуну телефон аркылуу алдамчылардын курмандыгы болуп, анын эсептеринен 230 миң рублдан ашык акчаны уурдап кетишкен. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактагы департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, шылуундар россиянын жаранына бир суткада 65 жолу телефон чалышып, банктык эсептеги акчаларын коргоо керектигин айтып, смс билдирүү аркылуу купуя сөздөрүн алышкан. Мындан тышкары, алдамчылар жабырлануучунун атынан 120 миң рубль насыя алышкан.
10-мартта телефон шылуундары тактикасын өзгөртүп, жабырлануучуга маалыматты бузуу ишин иликтеген милиция кызматкери катары өзүн тааныштырып, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним каты бар бирөө анын банктык эсебинен акча алууга аракет кылып жатат деп билдиришип, жабырлануучунун жеке маалыматтарын сурап алышкан. Алар жеке маалыматтар тергөө иштерине керектигин айтышкан. Жабырлануучу шылуундардын айтканына толук ишенип, купуя сөздөрдү жана жеке маалыматтардын баарын шылуундарга смс аркылуу жөнөткөн.
Буга чейин өзүн Сбербанктын кызматкери деп тааныштырган, алты айлык тажрыйбасы бар телефон шылууну орустарды алдоонун жашыруун ыкмаларын жана схемаларын ачыкка чыгарган. Ал күн сайын бир жарым миңдей адамдын номурларын терип, алардын жүзгө жакыны алдамчылыктын курмандыгы болуп жаткандыгын тактады. Ошол эле учурда, ал бир жуманын ичинде эң көп бир жарым миң доллар (болжол менен 112 миң рубль) иштеп тапкан.