Россия Кыргызстанда бир нече мектеп курганы жатат
- 13.03.2021, 10:10,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кечээ, 12-мартта, Ошко Глушко баштаган РФ делегациясы келди. Жолугушууда Россия Кыргызстанда бир катар жалпы билим берүү мекемелерин курууну маселеси каралды. Бул тууралуу РФтин Агартуу министринин орун басары Дмитрий Глушкого таянып Ош шаардык мэриясы билдирди.
"Эки мамлекеттин башчыларынын ортосунда түзүлгөн келишимдердин алкагында Россиянын билим берүү программаларына ылайык мектеп куруу үчүн жер тилкелерин караштыруу иштери жүрүп жатат. Сунушталган жерлерди көрдүк, Ош шаарынын администрациясы буга жакшы көңүл буруп жаткандыгын байкадым", — деген Глушко.
Мэрия кошумчалагандай, Россиянын колдоосу менен Кыргызстанда жалпы билим берүү мекемелерин куруу маселеси кийинки жумада эки өлкөнүн билим берүү министрлеринин жолугушуусунда кенен талкууланат.