У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Италиядагы дарыгерлеринин бири: "Эл карантинге кайдыгер мамиле кылып, балконго чыкпаганда оору мынчалык жайылмак эмес" "

Учурда Италияда коронавирустун айынан болжол менен күнүгө 700-800дөн адам дүйнө менен кош айтышып жатканын дүйнөлүк басылмалар жазууда. Дарыгерлердин айтымында мындай трагедияга жарандардын карантиндин эрежелерин туура сактабагандыгы себеп болууда.

"Дарыгерлер адамдардын көп санда ооруп жатканынан улам, физикалык жактан жетише албай жатабыз. Ооруп жаткнадардын көбү акыркы жолу жакындары менен видео байланыш аркылуу сүйлөштүруп коюубузду өтүнүп жатышат. Адамдардын жалгыз бөлмөдө жакындары менен эң акыркы жолу сүйлөшүп жатканын, өлүп баратканда балама же апама чалып алайын дегендерин көрүүдөн өткөн азап жок экен. Эгерде жарандар карантиндин эрежелерин туура сактап, балкондорго чыгып ырдап, бийлеп кетпегенде вирус мынчалык деңгээлде күч алмак эмес", -деген ал жергиликтүү басылмалардын бирине. Чынында Италиялыктардын балкондорго чыгып алып ырдап, бийлеп жаткан видеолорун интерет булактарынан көрүүгө болот. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter