Аксы районунда спирт ичимдигине уулануудан дагы үч адам каза болду
- 04.03.2021, 13:21,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Аксы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүндө спирт ичимдигине уулануудан алты адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү айыл өкмөттөн тастыкталды.
Бир нече күн мурун райондун кафелеринин биринде болжол менен 20дай адам конок болуп, алар спирт ичимдиктерин ичишкени такталды. Азыр экспертиза алты адамдын өлүмүнүн так себебин аныктап жатат.
Буга чейин Аксы районунда үч адам каза болгондугу маалымдалган. Дагы төртөө аймактык ооруканага жеткирилген.