У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ИИМ: "Өспүрүм бала мончодо зордукталды деген видео Кыргызстанда болгон эмес"


Социалдык тармактарда делдей тараган "өспүрүм баланы мончодо 20 жаштагы эркек зордуктады" деген аталыштагы видео Кыргызстанда тартылган эмес. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов билдирди.

"Урматтуу достор! Кыргызстандыктар! Социалдык түйүндөрдө тараган видеоролик боюнча ИИМ бүгүн маалымат берген эле. Биз тактоо жана аныктоо иш чараларын жүргүзүп жаттык. Анын үстүнө маселе тактала электе социалдык түйүндөрдө провакацияга алдырган да жарандар болду. Ошол эле соцтүйүндөр аркылуу ар кандай сүрөттөрдү салышып, ушул жигит экен деген да маалыматтар, аудио маалыматтар да тарап жатат. Божомолго алдырбай так маалыматтарды күтөлү. Ошол себептүү бул маалыматты тактап коёлу дедик. Аталган видеороликтеги окуя Кыргыз өлкөсүнүн аймагында болгон эмес, бул окуя чет мамлекеттердин биринде болгондугу такталды.

Экинчиден аталган видеоролик бир эки жыл мурун болгондугу жана бул факты боюнча жоопкерчиликке тартылгандыгы тууралуу маалымат аныкталууда. Ички иштер министрлиги аталган окуянын чоо-жайын тактоо максатында ошол мамлекетке ыйгарым түрдө суроо өтүнүчүбүздү жибердик. Кыска убакыттын ичинде бул видео качан болгондугу, кайсы жерде болгондугу тууралуу, кимдер экендиги жана кабыл алынган чечимдер боюнча ыйгарым түрдө билдиребиз. Урматтуу достор, бул окуяга кайдыгер карабаган замандаштарым аталган факт боюнча жакын арада кошумча маалымат боло тургандыгын билдирем", - деди ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter