У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жылаңач сүрөттөрүңдү ата-энеӊе жөнөтөм. Ошто жигит кыздан 50 миң сом акча талап кылган


 Ош шаарында 3-мартта милиция кызматкерлери опузалап акча талап кылган деген шек менен 27 жаштагы баланы кармашты. Бул тууралуу шаардын Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Алдын ала айтылган маалыматтарга ылайык, кармалган адам 2020-жылдын октябрь айынын аягында 1995-жылы туулган тааныш кыз менен жолугушкан. Кылмышка шектүү унаада отурганда кызды өлтүрөм деп бычак менен коркутуп, андан кийин Оштогу мейманканалардын бирине алып барган, ал жерде да бычак менен коркутуп чечиндирүүгө мажбур кылган, андан кийин аны мобилдик телефонго сүрөткө тарткан.
 
«Сүрөткө тартып жаткан учурда кыз колу менен бетин жаап алган. Бирок кармалган адам күч менен колун алып сүрөткө тарткан. Шектүү кызга жакын арада  50 миң сом таап бер, болбосо жылаӊач сүрөттөрүӊдү ата-энеӊе жана туугандарыӊа жиберип, интернетке чыгарам деп коркуткан. Айласы кеткен кыз милицияга кайрылган», - деп билдирди басма сөз кызматы. 
 
Ош шаардык соту 5-мартта кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасын карайт. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter