Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Депутат Карамат Орозова Ош мамлекеттик университетинде орус тил сабагын кыскартып салганы боюнча кат келип түшкөнүн айтты.
"Ош мамлекеттик университенин орус филология факультетинен кат келип түшту. Анда орус тил сабагын кыскартканы жазылган. Мен бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигине кат менен кайрылгам. Кыскартуу боюнча кат кайра жиберишиптир. Мен көйгөйдү чечсин деп кат жөнөткөм. Министр өзү бул катты окуса мындай жооп келбейт эле. Дүйнөлүк мамиледе орус тилде жүргүзүлөт. Аймактарда орус тил мугалими жетишпегендиктен башка мугалимдер сабак берип жатышат", - деди депутат.