У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Х.Карасаевдин 120 жылдыгына карата Жалал-Абад мамлекеттик университетинде онлайн конференция болуп өттү


 Бүгүн, 14-январда Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Н. Ишекеевдин катышуусунда кыргыз элинин көрүнүктүү агартуучусу, педагог, тилчи Х. Карасаевдин 120 жылдыгына карата «Хусейин Карасаев –залкар агартуучу» аталышындагы республикалык илимий- практикалык онлайн конференция болду. Конференцияга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н. Ишекеев, Кыргыз Республикасынын Улуттук Академиясынын Ч. Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору А. Акматалиев, Ж. Баласагын атындагы улуттук мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил боюнча проректору, ф.и.д. профессор Садык Алахан ошондой эле Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Талас мамлекеттик университетинин, Ош мамлекеттик университетинин, Таш-Көмүр инженердик педагогикалык факультетинин окумуштуу-мугалимдери жана жалпы эле тил күйөрмандары катышты. Иш-чаранын уюштуруу иштерин Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Усенов Кеңеш Жумабекович колго алып, мыкты деңгээлде өткөрүлдү.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter