2 айга эле камалган. Сокулук РИИБдин убактылуу кармоо жайында бир киши каза болду
- 03.03.2021, 09:01,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайда бир киши каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, 2-март таң эрте Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайынын күзөтчүсү камактагы 51 жаштагы эркек кишини эс-учун жоготкон абалда тапкан.
"
Окуя болгон жерге дароо Тез жардам кызматы чакырылып, медиктер киши көз жумганын аныкташкан. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды", — деп айтылат билдирмеде.
Каза тапкан адам Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") менен шектелип, эки айга камакка алынган.