У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тунгучта жаш жигитти сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды


Бишкек шаарынын Тунгуч кичи районунун аймагында 20 жаштагы уланды койдуруп кетти деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Кайгуул милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Аталган кызматтан интернетке Тунгуч кичи районунда жол кырсык болгон видео тарагандыгын билдиришти. Окуя 25-февраль күнү Анкара көчөсүндө болгон. Айдоочу кырсык болгон жерден изин жашырган. Автоунаа коюп кеткен уланды ооруканага жеткиришкен. 

Окуядан эки күн өткөн соң шектүү катары Volkswagen Passat үлгүсүндөгү автоунаанын 52 жаштагы айдоочусун кармашты. Автокөлүк айып короого токтотулду. Ал эми шектүү боюнча калган иштерди милиция алып бармакчы.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter