У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр элдин ырыскысы болуп чагылгандай түштү!


Чак түштө чагылган түшкөндөй болду! Же килейген бомба жарылгандай болдубу?! «Атом бомбасы» дебейинчи?! Мен ушинтип ылайыктуу салыштыруу таппай турган окуя – Садыр Жапаровдун түрмөдөн чыгып эле эл башына келип турушу болду!

Бүтүндөй эл тагдыры даанасы жок бүдөмүк болуп, жакшылыкка алып барчу жолу көрүнбөй, анын ордуна жалаң гана көрдүйнө көрүнүп, ажыдаар болуп келген коррупциянын айынан  адамдык деген асылбаа сапаттар айталаада калып, кудай берген ачык асманды шүмшүктөр жасап алган кара булут каптап, Горкийдин Данкосундай адам керек болуп турган учурда, жок, жомоктон эмес, кара турмуштун дал өзүнөн Садыр деген баатыр жигит, түбөлүк бар болсун жигит, элинин ырысына жалгыз, жапжалгыз жаралып калган жигит, дамашки кылычындай курч жигит, элинин тагдырына күйүп-өрттөнүп берчү жигит…  келип бербедиби!

Мындай жигитти кыргыз көп күттү, чыдагыстай узак күттү, андай жигиттер жомокторбузда, эпосторубузда оголе көп санда келип турса да, тириликте келип бербеди?! Эл ошол жигитти кудайдан миңсан ирет суранып күттү, бир күнү ошондой жигит келерине аябай ишенип күттү! Кыргыздан андай жигитти суукка тоңуп, ысыкка куйкаланып күттү, кыргыз андай жигитти курсагы ачка, кийимден кем болуп күттү, кыргыз андай жигит келип кара иштерге чыланган турмушту ак кылып берет деп күттү, кыргыз ал жигитти көпкөн жетекчилердин көпкөнүн көчүгүнөн чыгарып берет деп күттү, кыргыз андай жигитти баарын бирдей жыргалчылыкта жашатат деп күттү, кыргыз андай жигитти  жакшылык издеп сыйпалап  күттү… алардын күткөн тилеги ыр болуп жаңырды, анан ый болуп уланды… ошол миң азапты айткан үнү кудайга жетиптир да, күткөн жигити Садыр Жапаров болуп келип берди!

Эми бүтүндөй журт Садыр Жапаровду азыр эле, ушул көз ирмемден кийин эле президенти кылып алгысы келет, мамлекеттин тагдырын, анан өз тагдырын ушул чагылгандай чарт эткен өткүр жигиттин колуна бергиси келет, анан да кутуруп кеткен, көздөрүнө акчадан башка эч нерсе көрүнбөй калган коррупционерлерди тегизи менен жоготуп берет деп ушул кызыл өрт жигиттен күтүп жатышат. Күткөнү сөзсүз орундалат, орундалып да жатат!..

Садырдай инисинин бүтүндөй азап -тозогун көтөрүшкөн, бар акылын айтып ага Бакай болуп жүрчү агасы бар Сабыр деген. Анын жүрөгү да кыргызым деп согот! Бул кыргыз тарыхында болбогон эки азамат бир туугандар жөнүндө айтар сөз арбын… кезегинде айтылар… Элим, ушуга  чейин болбогон ажайып сонун турмуштун келерине аз эле  калды! Буюрсун дейли!

Автор:  Баратбай Аракеев,   Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter