У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мал айдап келем деп чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан аялдын сөөгү табылды


 Милиция кызматкерлери мал айдап келем деп чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан аялдын сөөгүн сөөгүн табышты. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
23-февралда Кемин РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө 22-февраль күнү саат 12.00дө Терек-Жайлоо айыл өкмөтүнүн Кызыл-Октябрь участкасында жергиликтүү тургун, 32 жаштагы Д.Н. мал айдап келем деп чыккан боюнча кайтып келген эмес деген билдирүү келип түшкөн. 
 
Милиция кызматкерлери аталган аймакта издөө иштерин жүргүзүп, 26-февралда саат 18.00 чамасында Жел-Арык жайлоосунун аймагында аялдын сөөгүн табышкан. 
 
«Учурда өлүмдүн себебин аныктоо үчүн бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Тергөөнүн алдын-ала версиясы боюнча, аял кулап түшүп, эс- учун жоготуп, суукта тоӊуп каза болушу мүмкүн», -деп билдиришти ИИМден. 
 
Учурда тергөө иштери уланууда.  


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter