У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сутка ичинде жоготуу катталган жок. 43 адам вирус жуктуруп алды


Кыргызстанда учурда коронавирус жуктурган 19 адам өтө оор абалда жатса, 43 адамга аталган илдет жуккан. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Бүгүн COVID-19дан каза болгондор катталган жок.

Маалыматтарга таянсак, ооруканаларда учурда коронавирустан 371 адам дарыланууда.
"Стационардагылардын ичинен 90 бейтап оор, 19 киши өтө оор абалда жатат", — деп айтылат штабдын маалыматында.
Амбулатордук дарыланууда 285 бейтап бар экени айтылды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Бишкек - 18
Чүй облусу – 11
Ош облусу - 4
Талас облусу - 2
Нарын облусу - 2
Ысык-Көл облусу – 6
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Бишкек – 18
Чүй облусу – 35
Ош облусу – 3
Талас облусу – 1
Нарын облусу – 4
Ысык-Көл облусу – 3
Жалал-Абад облусу – 3


 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter