Кыргыз жаранынан коронавирус табылды
- 28.02.2020, 12:47,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Diamond Princess круиздик лайнериндеги кыргызстандык жаран коронавирус жуктуруп алганы маалым болду. Бул боюнча Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов маалымат жыйынында айтты.
Нурлан Абдрахманов өз сөзүндө: “Негизи кыргызстандыктын абалы азыркы учурда канааттандырарлык. Анда дене табы, жөтөлгөнү, ооруганы байкалган жок. Япондук медиктердин айтымында ал көзөмөлдө. Күнүгө канын, шилекейин, дене табын текшерип жатышат. Кыргызстандык Япониядагы медициналык мекеменин биринде дарыланып жатат. Япониядагы Кыргызстандын элчилиги ал жаран менен байланышып турат”,- деп билдирди.
Анын айтымында 26-февралда Япониядагы кыргызстандык тапшырган анализден коронавирус табылган. Бирок бул дарт эч кандай белгилери байкалбаган жеңил формада экен.
Пикир калтыруу
- Бүгүн
- Көп окулгандар
- Талкуу
Соц.Тармак