Вице-мэр: «Каражаттын жоктугунан мектептер ачылбай жатат деген сөздөр чындыкка дал келбейт»
- 12.02.2021, 14:49,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева каражаттын жоктугунан мектептер жана бала бакчалар ачылбай жатат деп социалдык тармактарда айтылып жаткан сөздөрдү четке какты. Бул тууралуу ал ата-энелер менен жолугушууда айтты.
«Социалдык тармактарда айрым провокаторлор мектептерди ачпагандыгыбыздын себебин балдардын тамак-ашына бөлүнө турган каражаттын тартыштыгына байланыштырууда. Бирок бул туура эмес. Сатып алууга керек болгон нерсенин бардыгы бюджетке киргизилген», - деди Айжан Чыныбаева. Ал кошумчалагандай, билим берүүнү жандандырууга келгенде биринчи кезекте муниципалитет балдардын ден-соолугуна көңүл бурат", деди ал.