ГЭС-2 айылында үйдө газ баллон жарылып, бир адам каза болду
- 11.02.2021, 16:26,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы ГЭС-2 айылында үйдө жарылуу болду. 13 жаштагы өспүрүм каза болуп, бир адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМлигинен билдиришти.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгы окуянын чоо-жайы тууралуу толук маалымат кийинчерээк бериле турганын, азыр окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөп кеткенин кабарлады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, ГЭС-2 айылында Гагарин көчөсүндөгү жеке үйдө газ баллон жарылып, бир адам жаракат алып, 13 жаштагы өспүрүм каза болду. Учурда окуянын себептери иликтенип жатат.