У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


5 баланын ата-энеси оор абалда. Бишкекте үйдүн жылыткыч системасы жарылып, бир үй-бүлө жабыркады


Бишкектеги жеке үйлөрдүн биринде тамды жылыткан система жарылып,бир уй-бүлө жабыркады. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, кырсыктан беш бала жана ата-энеси жабыркаган.
"Бейтаптар ооруканага түндө түшкөн. Балдар учурда балдардын шаардык клиникалык ооруканасында. Алардын абалы канааттандырарлык. Бир бөбөк менен аял жана эркек киши Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жатышат. Аял жандандыруу бөлүмүндө. Ал эми үй ээсинин абалы да оорураак болуп турат", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборундагы бөбөк менен үй ээси күйүк бөлүмүндө экени айтылды. Эркек киши күйгөндөн тышкары баш мээси да чайкалган. Ал эми кичине баланыкы биринчи жана экинчи баскычтагы күйүк деп бааланды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter