У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Муфтийдин орун басары Кадыр Маликов: "Эми дин кызматкерлери адамдардын көзүн кантип карай алышат?"


Кыргызстандын муфтиятынын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалып, анын артынан эле УКМК муфтий Максат Ажы Токтомушовди кармаган. Бул окуядан кийин муфтийдин дин орун басары Кадыр Маликов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.

"Мен үчүн көпчүлүгүңүздөрдөй сыяктуу эле жалпыга маалымдоо каражаттарынан алынган жаңылыктар күтүлбөгөн окуя болду. Мен жумушка келгенде пандемиядан улам ажылык токтотулуп, муфтиятта бүгүнкү күнгө чейин сакталып келе жаткан каржылык кырдаал оор болгон. Имамдар айлык алышпайт, ал тургай кызматтык унааларды өз каражатыбызга оңдоп, май куйчубуз. Кээ бирлери айрым демилгелерин өз чөнтөгүнөн каржылашчу.

Тилекке каршы, реформалар тийиштүү техникалык жана каржылык колдоосуз ишке ашпайт. Албетте, биз жетишкен натыйжалар дагы бар. Эки жумадан ашык убакыттан бери үй бүлөлүк себептерден улам (атамдын оорусу) мен муфтиятта убактылуу иштеген жокмун. Азыркы учурда кайра ойлонуу, кайра баалоо болуп жатат. Менин оюмча күнөө далилденип, сот чечим чыгармайынча бул окуяга баа берүү эрте.
Чынын айтканда сөз жок, кандай жагымсыз. Менимче, бул биздин коомдун көрсөткүчү. Эми дин кызматкерлери адамдардын көзүн кантип карай алышат? Эми адамдар кимге ишенишет? Айрыкча жаштар кимдин жолун жолдошот? Бул биз үчүн ошондой эле мамлекет үчүн дагы башкы маселе", - деп жазды ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter