У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Улукбек Мариповдун премьер-министр болушуна коомдун ичи чыккан жок...


Премьер-министрлик ээрге минип жаткан Улукбек Мариповго коомдун ичи чыккан жок. Саясий аналитиктер, экономика жаатындагы эксперттер дагы тандоо анчейин купулга толбогонун ачык эле кескин сынга алышты.

Ырасында, Улукбек Марипов буга дейре кандайдыр бир демилгеси, идеясы менен өзгөчөлөнгөн эмес. Өз ою, демилгеси жок, жалтаң, мажүрөө чиновниктердин катарын толуктаган көптүн бири болчу. Убагында Атамбаев көтөрмөлөп Эсеп палатасына төрага кылган. Жээнбековдун учурунда деле суудан тайыз, чөптөн жапыз болуп, дайны билинген жок. Өндүрүштү, экономиканы деле терең түшүнбөйт. Азыркыдай өлкө кризиске батып турганда Улукбек Мариповго окшогон эт эмес же чел эмес ортозаар адамды премьер-министр кылып алып келүү чоң ката болду. 

Экинчиден, Мариповдордун үй-бүлөсүнө карата эл арасында урмат-сый анчейин жакшы эмес. Моралдык жактан коомдо сын көп айтылып келет. Маселен, Улукбек Мариповдун атасы, Ноокат борборлоштурулган ооруканасынын жетекчиси Асамидин Мариповдун эки жаш жигитти кулчулукта кармап, уруп-согуп мал бактырган зөөкүрлүк жоругу боюнча  балдардын чоң энеси Ошто маалымат жыйынын өткөрүп көз жашын төккөн. Тилекке каршы, бул боюнча укук коргоо органдары мыйзам чегинде чара көрүшкөн жок. Бул да болсо азыркы премьер-министрлик кызматка бараткан Улукбек Марипов Эсеп палатасына төрагасы катары ишти бармак басты көз кысты кылып, жаптырып салганы кызуу талкууга алынган. Эми ошол зөөкүрлүк ишке кинеленген Асамидин Мариповдун мажүрөө, экономикалык тажрыйбасы жок баласын өлкө кризиске батып турганда премьер-министр кылган акылга сыйгыс иш болду. Алма сабагынан алыс түшпөйт дегендей, атасы кулчулукту өнөр тутса, баласы алты миллион элди кул кылган деңгээлге жеткирбейби деген кооптонуу күч. 

Арийне, парламенттик шайлоого чейин убактылуу убакытка премьер-министр болчу адамды деле татыктуу тандоо абзел эле. Өлкөнү өнүктүрүү боюнча маанилүү план, программасы бар, өндүрүштү өнүктүрүү жаатында тажрыйбасы жетиштүү, экономиканы түшүнгөн, кыска мөөнөттө өлкөнү кризистик саздан сууруп чыга турган менеджер  кадрды премьерликке дайындоо учурдун талабы болчу. Бизде андай кадрлар бар. 
 
Алсак, ошол эле Өмүрбек Бабанов жарамак. Мурда премьер-министр катары жакшы жыйынтык көрсөткөн. Иштин көзүн билет. Чечкиндүү, тез, ыкчам чараларды кабыл алууга жөндөмдүү. 
 
Президент түндүктөн болуп жатат, түштүктөн премьер дайындоо зарыл деген шылтоо керек болсо Бакыт Төрөбаев премьерликке татыктуу тандоо болмок. Ишмердүүлүгү таза. Мурда кийин коррупциялык иштерге аралашкан эмес. Өндүрүш жаатында жетиштүү тажрыйбасы бар. 

Болбосо, жаш, билимдүү, экономиканы чагат десеңер Элдар Абакиров ылайыктуу болчу. Банк, фискалдык саясатты дагы жакшы билет. Ишмердүүлүгү таза. Күмөндүү, былыктуу иштерден алыс. 

Ошондой эле, Улукбек Кочкоров, Мелис Мырзакматов, Темир Сариев, Аалы Карашев өңдүү тажрыйбалуу инсандарды парламенттик шайлоого чейин убактылуу дайындай турганда деле коомдо мынчалык нааразычылык өкүм сүрмөк эмес.

Анын үстүнө 5-6-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин кызматка келишкен Элвира Сурабалдиева, Тилек Токтогазиев, Сыймык Жапыкеевди  өкмөт курамынан чыгарып салуу да чоң чекилик десек жарашат.

Алмазбек ТЕМИРБЕК уулу


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter