У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Элмира Орозобекова: “Агарып кеткен чачтарды карартып, ашыкча салмактан арылтабыз...”


Ийгилик жаратам деген адам түн уйкудан калып, тынымсыз иштеп, максатка барчу жолдун миңдеген тоскоолдуктарынан ашып өтүп, тилегин ишке ашырат. Жаш болсо да бардык шарты бар, жаркыраган “Асыл мед” аттуу заманбап  клиниканы негиздеп, элдин алкышын алып келе жаткан  дарыгер-дерматолог, дерматокосметолог, массажист Элмира Орозобекова менен маектешип, клиникасынын бардык мүмкүнчүлүктөрүнө күбө болдук. 
Медициналык, косметологиялык борбордо  жогорку медициналык билими бар, тажрыйбалуу адистер кызмат кылып, ден соолукка пайдалуу көптөгөн процедуралар жасалат.
  •  Мисалы ашыкча салмактан арыла албай кыйналгандар  үчүн арыктатууга арналган көптөгөн процедуралар колдонулат.
  • Муун жана сөөк оорулары менен жабыркагандарга, табарсыгы кармабай калган бейтаптарга, төрөттөн кийин жакшы тыңыбай калып жел кабыз оорусуна чалдыккан айымдарга, стресске кабалгандарга, иммунитети түшүп, көп ооруга чалдыккан инсандарга миңдин бири болгон кедр дарагынан жасалган “фитобочка” менен дарылоо процедурасы;
  • “Косметикалык кызматтардын бардык түрлөрү бар, акыркы үлгүдөгү техника менен жабдылган аппараттык косметология кызматтары ишке ашырылат. 
  • Мындан сырткары  укалоонун (массаж) бардык түрлөрү жасалат. 
  • Клиника   өзүнүн түптөлгөнүнөн берки 3 жылдык тарыхында миңдеген бейтаптардын алкышын алып келе жатышат.


-Элмира Орозобековна,  мындай заманбап, жаркыраган медборборду ачуу оңойго турбаса керек?
- Өзүм №78-орто мектепти аяктаган соң,  Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына тапшырдым. Ал жактан 2 жыл окуп,  билимимди өркүндөтүү максатында  Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус  Славян университетине тапшырдым. Андан соң “дерматовенерология” адистиги боюнча ординатурага тапшырып, ал жакты бүткөндөн кийин клиникаларда иштеп жүрүп, “дерматокосметология” бөлүмүнө ординатурага тапшырып, андан  соң өз алдымча коомго пайда алып келе тургандай клиника ачайын деп, бардык кызматтары бар клиника ачтым. Көп эле косметологиялык клиникаларда же укалоосу жок же болбосо фиточелек менен дарылоо процедурасы жок, же физиодарылоосу жок болот. Бейтаптар бардыгын бир жерден алгысы келет, ошондуктан бул жерде бейтаптардын ыңгайын биринчи орунга коюп, баргынын камтып ачууга туура келди. Мисалы ылай менен дарылангысы келгендер үчүн ылай, парафин керек болгондорго парафин, косметолгиялык кызматтарга муктаж болгондорго косметология, айтор бардыгын ушул жерден тапса болот.
- Негизи кайсы кызматтарга көбүрөөк кайрылышат?
- Бизге косметологиялык кызматтарга (ар кандай тактарды кетирүү), арыктоо үчүн процедуаларга көп келишет. Денедеги бардык тактарды толугу менен жок кылууга арналган бардык мүмкүнчүлүгүбүз бар.  Бизге кайрылгандар ыраазы болуп гана кайтышат.
- Агарып кеткен чачты табигый жол менен карартат экенсиздер...
- Ооба, эгерде чачтын түбүндө кандайдыр бир зат кала турган болсо, заманбап медицинанын жардамы менен агарып бараткан чачтар кайра карарат. Эгерде 70-80% агарып кеткен болсо, анда карарбайт. Чачты карартуу үчүн процедураны  2-3 жолу алганда эле жыйынтык билинет. 1-2 ай келген соң агарып жаткан чачтар кайра карарып, сонун жаңы чачтар чыга баштайт. 
Маектешкен Нуркыз Рыскул кызы


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter