У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Түркиядан каржылоо сунушу түшкөн. Ошко жаңы аэропорт куруу демилгеленди


Ош облусуна  жаңы аэропорт куруу маселеси көтөрүлдү. Каржылоо түркиялык инвесторлор тарабынан болот. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Аэропорт куруу үчүн Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынан 10 гектар жер бөлүнгөн, бирок каражат маселеси чечилбей токтоп калган.

"Буга чейин кытайлык жеке компания аба майданын куруу ниетин билдирген. Бирок стратегиялык мааниден улам колдоо тапкан эмес. Эми Түркия мамлекети тарабынан каржылоо сунушу түшкөн. Бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Аэропорт куруу пландалган аянтка Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов барып, жергиликтүү бийлик органдарынын жана тийиштүү кызматтардын жетекчилерине өкмөткө сунуш даярдоо тапшырмасын берген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter