У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кара-Сууда мугалим, дарыгерлер үчүн көп кабаттуу үйлөрдүн шаарчасы курулат


Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн аймагында мугалим, дарыгерлер үчүн көп кабаттуу үйлөрдүн шаарчасы курулат. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда заманбап талаптарга ылайык, күндөн энергия алуучу батареялары менен 6 кабаттуу үйлөр салынат. Ал жергиликтүүлөр үчүн ыңгайлуу баада, узак мөөнөткө бөлүп төлөө шарты менен сатылат. Облус жетекчиси Жарасул Абдураимов аталган айылга барып, турак жай маселесин көп кабаттуу үйлөрдү куруу менен гана чечүүгө болорун билдирген.

"Азыр жер тартыш, айдоо, себүү үчүн да жер болбосо азык-түлүк кымбаттап, каатчылык күч алат. Бирок көп кабаттуу турак жайлардын шарты жакшы болушу керек. Жылытуу системасы жок, ажатканасы сыртта болгон үйлөрдү курганча жөн эле койгула. Бул талапты аткара ала турган курулуш компаниялары бар, өзүм сүйлөшүп жатам. Курулуш үчүн алты гектар жерди жергиликтүү бийликтин балансына өткөрүп алууда тоскоолдуктар жаралууда. Бирок өкмөт башчысы бул идеяны колдоп, ушул күндөрү токтомго кол коюп жатат", — деди Абдураимов.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter