У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


6 жашар баланы сабаган өгөй атанын иши жабылды. Ал дарылоого кеткен чыгымды гана төлөйт


2020-жылдын 18-ноябрында Сокулукта өгөй атасы тарабынан 6 жашар бала аёосуз сабалган. Балага кол көтөргөн жарандын сотко өткөн иши жабылды. Бул тууралуу баланын жактоочусу Шердор Абдыкапаров  билдирди. Анын айтымында, сот отурумуна баланын жактоочусу жана таенеси катышкан эмес.

"Мен дагы бул туурасында бүгүн Рамазандын таенеси чалганда билдим. Соттук отурумга баланын апасы жана өгөй атасы гана катышкан. Сокулук райондук соту өгөй атасына баланы дарылоого кеткен чыгымдарды жабууга милдеттендирди, бирок ал азырынча төлөй элек. Рамазандын апасы таенесине чалып бул иш боюнча жактоочуга эч нерсе айтпаңыз деп сураныптыр", - деп билдирди жактоочу.
Ошондой эле ал Рамазан өз атасын издеп жатканын кошумчалады.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter