У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ош шаарында баӊгизат саткан аскер кызматкери кармалды


 
Ош шаарында баңгизат саткан аскер кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.
 
 «Ыкчам-иликтөө иш-чаралары Ош шаарынын бир нече даректеринде жүргүзүлдү. Аскер бөлүктөрүнүн биринин кызматкери баңгизаттарын таратуучу канал уюштургандыгы аныкталды. Натыйжада түштүк борбордо 30 жаштагы А. уулу Н. аттуу аскер кызматкери 27-январь күнү өсүмдүк тобундагы баңгизатты сатып жаткан учурда колго түшүрүлгөн. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 7 граммды түзгөн гашиш табылган», -деп айтылат маалыматта. 
 
 
Ошондой эле кармалган адамдын Ош жана Чүй облустарында, анын ичинде жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жазасын өтөп жаткан соттолгондордун арасында баңгизаттарды таратууга катыштыгы бар экени белгиленди.
 
Учурда сотко чейинки иликтөө иштери жүргүзүлүп, бул  кылмышка тиешеси бар башка адамдар дагы аныкталып жатат.

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter