Кыргызстанда 41 компания мамлекеттик тендерлерге катышуу укугунан ажырады
- 28.01.2021, 09:09,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Өткөн жылы мамлекеттик тендерлерге катышкан 41 компания даттануулардын негизинде кара тизмеге киргизилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган компаниялар эки жылга чейин мамлекеттик сатып алууларга катышуу укугунан ажырады.
2020-жылы Арыздарды жана нааразычылыктарды кароо боюнча ведомстволор аралык комиссияга жалпы жонунан 355 кайрылуу келип түшкөн. Алар ишенимсиз кызмат көрсөткөн уюмдардын (подрядчы) маалыматтык базасына киргизүүнү сураган.Териштирүүнүн жыйынтыгында 41 компанияга карата даттануулар далилденген, ал эми 299 ишканага негизсиз түрдө арызданган деген чечим чыккан. Учурда комиссия дагы 13 кайрылууну карап жатат.