У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ИИМ: Садыр Жапаровдун инаугурациясында жол жабылат, кортеж болот...


Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров ат берүү аземинде жолдорду жабуудан баш тартканын айтып, коомчулуктун алкоосуна арзыган. 

Бирок, инаугурация  күнү баары бир жолдор жабылып, кортеж боло турганын Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-январда борбор калаанын Манас, Чыңгыз Айтматов жана Чүй проспектилериндеги жолдордо, каршы тилкелерде коомдук жана жеке транспорттордун кыймылына эч кандай чектөөлөр киргизилбей турганы айтылат. Бирок кортеж өтүп баратканда жол жабылат.

"Негизги трассадагы, жол кесилиштердеги эки тараптуу жол кыймылы кадимкидей эле ачык болот. Атайын кортеж өтүп бараткан убакта гана бир нече секунддарга кайчы жолдогу транспорттор кыймылын токтотот. Автоунаалар жолдун четине бир саамга эле токтойт. ИИМ айдоочулардан жолдо жүрүү эрежелерин бузбоого жана айдоочулук маданияттуулукту сактоого, автоунааларды жол боюнда калтырып кетпөөнү суранат", — деп айтылат маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter