У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров ант берүү аземине 10 миллион сом коротууга, жолдорду жабууга тыюу салды


Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаровдун ант берүү аземине 10 миллион сом коротуу пландалганы белгилүү болгон. 
Президенттик аппараттан билдиришкендей, алгач иш-чарага 15 миллион сом бөлүү каралган. Бирок, аталган сумма кыскартылып, 10 миллион сомго түшүрүлгөн.

"Пандемия шартында мынча каражатты бир эле ант берүү аземине коротуп салуу туура эмес" деген позиция менен соцтармактардын колдонуучулары аталган чечимди кызуу талкууга алып жатышат. Көп өтпөй, Садыр Жапаровдун тарапташы Адинай Марипова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жаңы шайланган өлкө башчысы инагурацияга 10 миллион сом сарпталышына каршы экендигин жазып чыкты.

"Садыр Жапаров инаугурация күнү резиденциядан баштап филармонияга чейинки жолду жабууга тыюу салды. 10 миллион сомдук чыгымга да каршы экенин билдирди. Инаугурация күнү жолдор жабылбайт. 10 миллион сомдук чыгым болбойт. Инаугурация жөнөкөй эле өтөт. Мындан сырткары ал президенттик кызматка киришкенден кийин Кайгуул кызматынын коштоосунан баш тартып, жол жапканды токтотот", - деп жазды Марипова.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter