У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Мончодо өспүрүмдү зордуктаган бала ушул" деп жалган маалымат тараткан жаран кармалды


(Жабырлануучунун сүрөтү)

Социалдык тармактарда "мончодо белгисиз эркек  өспүрүмдү зордуктаган" деген маалымат тараары менен "ушул бала зордуктаптыр" деген маалымат тараткандар да кошо чыккан. ИИМ аталган жаранды таап, анын окуяга эч кандай тиешеси жок экенин аныктады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМ жарандарды жалган маалымат таратпоого чакырат жана эскертет.

"ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан Фейсбук жана Инстаграм социалдык тармагында 51 тайпадан жана блогерлердин баракчаларынан аталган видеону өчүрдү жана тиешелүү иш-чараларды жүргүздү.
2021-жылдын 24-январында интернет тармагында белгисиз 16-18 жаштагы жарандын сүрөтүн коюп, “сүрөттөгү бала зордуктаган” деген маалыматты Интернет аттуу колдонуучу уюлдук телефон аркылуу социалдык тармактарга жайылткан. Таратылган сүрөттөгү жаран Бишкек шаарынын Ленин районунун тургуну Б.А. экендиги жана анын аталган окуяга эч кандай тиешеси жок экендиги аныкталды.
Аталган факты Бишкек шаарынын Ленин РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү "жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу" беренеси менен катталып, жалган маалымат тараткан Чүй облусунун Т.Ж. аттуу 16 жаштагы тургуну кармалды", - деп жазылат маалыматта.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter