У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Социалдык тармактар аркылуу жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартылат

Эки күндөн бери WhatsApp жана башка социалдык тармактарда түндө учактар менен дары чачып, ал дарыдан балдар ооруйт экен деген жалган маалымат боюнча ИИМ тиешелүү ыкчам аракеттер башталганын кабарлады.
 
Ички иштер министрлиги эскертет, жалган маалымат тараткандар Жазык кодексинин 344-беренеси (“Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган маалымат таратуу”) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Мыйзамды билбөө жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт. Ошондуктан социалдык тармактар аркылуу кылмыш жасалганы туурасында жалган маалыматтарды таратпоого чакырат. 
 
ИИм жалган маалыматтар тууралуу фактыларга күбө болгондорду ички иштер органдарына 102 кызматы аркылуу маалымдап коюңуздарды суранат. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter