У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ооруканалардагы бейтаптарды көрүп баргандарга тыюу салынды


Бишкектеги бардык ооруканаларда  бейтаптардын ден соолугун сурап барам деген жарандарга тыюу салынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты. Коркунучтуу вирустун пайда болгондугуна байланыштуу кырдаал турукташканча борбордогу бардык ооруканалар бейтаптардын абалын сурап баргысы келген жарандарга эшигин жапты. Ошондой эле ооруканалардын башкы дарыгерлерине жалпы кызматкерлердин кирип-чыгуусун, баскан-турганын, тазалыгын көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди. Мындан сырткары Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандардан элдин саламаттыгы үчүн эл чогулган жерлерден оолак болууну, той-топурду токтотууну жана үйдөн чыкпай отурууну өтүнүүдө. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter