Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 100 миллионго жетти
- 25.01.2021, 10:26,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 100 миллионго жакынды. Мындай маалыматты Джон Хопкинс университетинин маалыматы жарыяларды.
Алардын маалыматына таянсак, 2021-жылдын 25-январына карата вирус дүйнөнүн 192 өлкөсүндө 99,152,014 учуру катталып, 2 128 721 адам көз жумган.
Коронавирус илдети көп катталган жана өлүмгө дуушар болгон учурлардын саны боюнча АКШ биринчи орунда турат, штаттарда COVID-19 25 миллиондон ашык адамдан аныкталды жана 419,2 миң бейтап каза болду.
Коронавирус эӊ көп катталган 10 өлкө: АКШ - 25,1 миллион;
Индия - 10,6 млн;
Бразилия - 8,8 млн;
Россия - 3,6 млн;
Улуу Британия - 3,6;
Франция - 3,1 млн;
Испания - 2,4 млн
Италия - 2,4 миллион;
Түркия - 2,4 млн;
Германия - 2,1 млн.