У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кадимки режимде окуп жаткан 2 мектептин окуучуларынан коронавирус аныкталды


Бишкекте адаттагыдай режимде иштеп баштаган  2 мектептин окуучуларынан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, илдет аныкталган класстардын бардык окуучулары 2 жума онлайн окушат. Ал эми мугалимдер ПЦР тест тапшырууга жиберилди.

"Урматтуу ата-энелер, эгерде үй-бүлө мүчөлөрүндө ковид илдети менен ооругандар болсо же оору белгилери байкалып жатса ПЦР тесттен өтүп, балдарыңыз вирусту ташып жүрүүчү эмес экенине ынынууңуздарды өтүнөбүз! Сөзсүз түрдө мектептин администрациясына кабарлап, бардык текшерүүлөрдөн өткөндөн кийин гана балаңызды мектепке жибериңиз. Сиздердин жоопкерчиликтүү мамилеңиздерден мектептеги мугалимдердин, башка окуучулардын ден соолугу көз каранды экенин унутпаңыздар", - деп айтылат маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter