У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте 2-6-класстардын окуучуларына мектептен окууга уруксат берилген жок

Коронвирус илдетинин күчөп жатканына байланыштуу Бишкек шаарында 2-6-класстардын окуучуларына мектептен билим алууга уруксат берилген жок.  Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
 
Буга чейин республикалык штаб менен Билим берүү жана илим министрлиги 2020-жылдын 6-октябрынан тартып менчигинин түрүнө жана формасына карабастан, Кыргызстандагы мектептердин 2-6-класстарынын окуучулары мектептерде кадимки режимде окушат деген чечим чыгарышкан.
 
Бирок Бишкек шаарынын саниэпидкөзөмөл борбору эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу мэрияга шаардагы мектептерди ачпай турууну сунуштаган.
 
Шаардык мэриянын билим берүү башкармалыгы дарыгерлердин сунушун туура таап, окуу процессин жандантууну белгисиз мөөнөткө жылдырды. Мектептердин ачылышы эпидемиологиялык абалга жараша болот.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter