У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президенттин басма сөз катчысы инаугурацияда артиллериялык техниканын колдонулушу боюнча маалымат берди


Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек жаңы шайланган мамлекет башчысынын кызматка киришүү аземинде артиллериялык аскер техникасын колдонуу маселесине комментарий берди.
 
«Белгилүү болгондой, инаугурация аземи мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара. Президенттик кызматка киришкенден кийин, ал өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы болуп калат. Демек, артиллериялык аскер техникасын колдонуу - бул иш-чаранын атрибуттарынын бири жана кеӊири таралган практика.
 
Артиллериялык аскер техникасы кандай болгон күндө дагы, күндөлүк режимде аскердик даярдык деңгээлин кармоого тартылгандыктан, ашыкча чыгымдарды талап кылбастыгын баса белгилей кетүү керек. План боюнча, артиллеристтер күжүрмөн даярдык боюнча машыгууларды өткөрүп турушат. Ошондуктан бул учурда эч кандай кошумча каражат сарпталбайт», - деди Г.Байтерек.
 
Эске салсак,   25-январда Бишкек шаарындагы Д.Асанов атындагы сейил бакка президенттин ант берүү аземине даярдануу үчүн артиллериялык аскер техникасы киргизилери маалым болгон.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter