Балбак Түлөбаев: "Ишке чыкпаган маршруттук таксилердин уруксатын жокко чыгарып, башкаларга беребиз"
- 18.01.2021, 09:22,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, 18-январда Бишкектин ичин тейлеген маршруттук таксилер ишке чыкпай жатканын социалдык тармактардын колдонуучулары жазышууда.
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев иш таштап жаткан маршруттук таксилерлин айдоочуларына кайрылуу жасады. Ал өз сөзүндө пандемия шартында алардын да абалын түшүнүп турганын айтып, тарифти көтөрүү маселеси дароо эле чечиле калбайт экенин, бул иш жүзөгө ашыш үчүн белгилүү бир иш процесстеринен өтүү керектигин түшүндүрдү. Эгерде такыр эле сөзгө көнбөй, ишке чыкпайбыз дей турган айдоочулар болсо, анда аларды уруксат кагазынан ажыратуу талабын койду.
"Биз силерди түшүнүп турабыз. Тарифти көтөрүү маселеси азыр эле чечиле калбайт. Парламенттик шайлоодон кийин гана ишке ашышыш мүмкүн. Эгер ишке чыкпайм деген айдоочулар болсо, анда аларды уруксат кагазынан ажыратып, ордун башкаларга берүүгө аргасызмын" дейт Түлөбаев.
Эске салсак, айдоочулар жол киренин баасын көтөрүү талабы менен ишке чыкпай коюшарын эскертишкен.