У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Кетсең топурагыңды түйүп берем!" Апам жолдошумду жактырбай ажыраштырды


Жолдошум экөөбүздүн ажырым жолго түкшөнүбүзгө 6 жыл болду. Ал азыр турмуш куруп, үй-бүлөсү менен жашайт. Уулум экөөбүз болсо апам менен жашайбыз. Үйдүн жалгыз кызымын, менден улуу эки агам бар, атам дүйнөдөн эрте эле өтүп кеткен.  Апам жалгыз кызым деп көзүмдү карап, аябай кастарлап жүрүп өстүрдү, окутту, турмушка узатты.

Тилекке каршы турмушум апам ойлогондой чыкпай калды. Жолдошум өзүм менен тең болчу. Экөөбүз 5-курста баш кошконбуз. Ал кезде анын туруктуу иши, үй-жайы, машинеси, айтор эч нерсеси жок болчу. Жетпеген турмуштан арзан эле батирде, эл жашаган жатаканалардын биринде жашадык. Апама болсо менин мындай турмушум таптакыр жакпай койду. Анын үстүнө кайын энем менен апам биринчи таанышканда эле урушуп кетишкен. Ошол себептен кайын энем да мага асылып, эмне кылсам да жактырбай, мени келиним деп жылуу кабыл албай койду.

Апам да аларды таптакыр жактырбай, жашоомо кийлигишип, мени да, өзүн да кыйнай берди. Качан үйгө барсам эле кийим-кечеме чейин жактырбай, жүдөп кеттиптирсиң, күйөөң бага албаса ошо да деп эле наалый берди. Жолдошум болсо апамдын жактырбасын билип мени менен такыр чогуу барчу эмес. Эки ортодо эзилип 4 жыл жашап, акыры жолдошум экөөбуз катуу урушуп, кайын энем апама чалып, бизди ажыраштырып салышты.

Апам сотко чейин өзү барып, акырына чейин туруп ажыраштырды. Уулум атасыз кала берди. Жарашайын деп жолдошум кечирим сурап келген сайын апамдан уруксат сурасам таптакыр кетирбей койду. "Кетсең топурагыңды түйүп берем" деп урушканынан акыры апамды тандадым. 

Ажырашканыма туура 6 жылдан ашып кетти. Уулум 2-классттын окуучусу болуп калды. Атасы болсо ажырашкандан кийин бир аз убакыт келип, жарашалы деп жүрүп, акыры түңүлгөндө таптакыр кабарын билгизбей кетти. Угушума караганда үйлөнүп, балалуу болуптур. Мен болсо мындан ары турмуш куруудан корком, апам да мени менен жашаганга абдан көнүп алды. Ишке бара жатсам деле жаш баладай кайтарып жеке жашоомду толугу менен ээлеп алды. Апамды чексиз сүйөм, мени да аябай жакшы көрөт экенин билем. Бирок кээде мага да эркиндик берсе, тандоо берсе турмушум бузулбайт беле деп ойлоном. 

Жолдошумду кандай кыйынчылык болбосун жакшы көрдүм. Ажырашып жатканда деле экөөбүз аябай катуу урушкан жокпуз. Экөөбүздү ээрчип алган апаларыбыз кайым айтышып, урушуп турушту. Жолдошум башка кызга үйлөнгөнүн укканда абдан жаман болдум. Уулум кичинекей болсо да баарын сезет, "апа ыйлаба, сени мен багам" деп жубатып коёт. Ичим жылып, жок дегенде уулум бар экенине ыраазы болуп жашап жатам. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter