У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Иш таштаганы үчүн 3 маршруттук компанияга эскертүү берилди


18-19-январь күндөрү үч компаниянын маршрутка айдоочулары ишке чыкпай коюшкан. Бул тууралуу Жолдор жана транспорт министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Министрликтин алдындагы Автотранспорт агенттигинин Бишкек шаардык башкармалыгы 18-19-январь күндөрү жумушка чыкпай койгон маршруткаларды текшерүүдө.

"Анын жүрүшүндө "Восточный экспресс", "Дордой-Транс", "Узар-Вест" компаниялары аныкталып, эскертүү берилди. Башка шаардык маршруттар боюнча да текшерүү уланып, айдоочулук курамга түшүндүрүү иштери жүрүүдө", — деп жазылат маалыматта.
 
Башкармалык эгер ушундай эле учурлар дагы кайталанса, мыйзамга ылайык, мындан да катуу чаралар (айып пул салуу, лицензиясынан ажыратуу) көрүлө турганын эскертти.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter